16- Сентябрь 1945 -жылы
Советтик жана орусиялык эстрада артисти, куудул, алпаруучу Евгений Петросян төрөлгөн
Советтик жана орусиялык эстрада артисти, куудул, алпаруучу Евгений Петросян Азербайжандын борбору Баку шаарында математик менен инженердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1958-жылы 13 жаштагы Евгений биринчи жолу чоң сахнага ар түрдүү жанрдагы монологдорду окуп чыккан. Мектепти бүтөөрү менен бул тармакта дагы такшалуу максатында Москва шаарындагы Эстрада искусствосунун театр чеберчилиги институтуна тапшырган. Ал эми 1962-жылы бул окуу жайды бүтүрүп, "В жизни раз бывает 18 лет" деп аталган телеберүүгө жеке сатирасы менен чыккан. Бул сатирасы көпчүлүк белгилүү искусство кызматкерлерине өзгөчө жагып, белгилүү артист болууга үлгүргөн. 1964-жылдан 1969-жылга чейин Леонид Утесовдун жетегинде Мамлекеттик эстрадалык оркестрде, андан кийин "Москонцертте" кызмат өтөгөн. Ал эми 1980-жылдардан тарта Евгений Петросян жеке артист катары тамашалуу телеберүүлөрдүн үстүндө иштей баштаган.