Филадельфияда өткөн Конституциялык Конвенцияда АКШнын Баш мыйзамы кабыл алынган. Дүйнөдөгү 1-Конституция жана "бардык доордун документи" аталып, 1787-жылдан бери болгону 30га жетпеген түзөтүүлөр (кошумча, өзгөртүүлөр, же жаңы редакция эмес) киргизилген. АКШнын конституциясы "Биз, Америка Кошмо Штатынын эли өзүбүздүн жана биздин тукумубуздун элин түбөлүк бекемдеп, ушул Конституцияны аныктап, Америка Кошмо Штаттары үчүн жарыялайбыз" деп башталат.