16- Сентябрь 1956 -жылы америкалык фокус чебери жана иллюзионист Дэвид Копперфильд туулган
Америкалык фокус чебери жана иллюзионист Дэвид Копперфильд АКШнын Нью-Жерси штатындагы Метачен шаарында туулган. Дэвид Копперфильд 18 жашында телевидениеге чакырылып, “Дэвид Копперфильддин сыйкыры” аттуу берүүнү алып барган. Белгилүү болуп калганда CBS телеканалынан чыга баштаган. Анын чоң иллюзияларынын алгачкысы – учактын жок болуп кетиши болгон. Андан кийин элдин көз алдында Эркиндик эстелигин жогото алган. Ошондой эле, Аризона штатындагы Чоң Каньон аркылуу учуп өтүү, Улуу Кытай дубалдарынын арасынан өтүү, дүйнөдөгү эң катаал Алькатраса түрмөсүнөн качуу, Бермуд үч бурчтугуна саякаттоо, жарылып жаткан имараттан качып чыгуу, Ниагар шаркыратмасынан өзүн таштоо, көрүмчүлөр мекендеген үйдү изилдөө жана күйүп турган отто жашоо сыяктуу иллюзияларды аткарып, элди таң калтырган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан