19- Сентябрь 1967 -жылы
Орусиялык балбан Александр Карелин туулган
Советтик жана орусиялык спортчу, грек-рим күрөшү боюнча балбан, мамлекеттик жана саясий ишмер, "Единая Россия" саясий партиясынан Мамлекеттик думанын VI чакырылышынын депутаты, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери (1988), Орусиянын Баатыры (1997) Александр Карелин Орусиянын Новосибирск шаарында туулган.
Александр Карелин грек-рим күрөшү боюнча 3 жолку Олимпиада чемпиону (1988, 1992, 1996), дүйнөнүн тогуз жолку чемпиону (1989—1991, 1993—1995, 1997—1999), Европанын 12 жолку (1987—1991, 1993—1996, 1998—2000), СССР, СНГ, Орусиянын 13 жолку (1988—2000) чемпиону болгон.