19- Сентябрь 2003 -жылы Европа парламенти абакта жаткан Феликс Куловду илимпоз жана укук коргоочу Андрей Сахаров атындагы сыйлыкка көрсөткөн
Европа парламенти абакта жаткан "Ар-намыс" партиясынын төрагасы Феликс Куловду илимпоз жана укук коргоочу Андрей Сахаров атындагы сыйлыкка көрсөткөн.
Европа парламенти 2003-жылы өз өлкөсүндө демократия үчүн күрөшүп, мыйзамдын сакталышын, сөз эркиндигин жактаган саясий айыпкерлерге берилүүчү Сахаров сыйлыгына Борбор Азиядан төрт адамдын талапкерлигин көргөзгөн. Алар – "президент С.Ниязовго кол салганга катышы бар" деп айыпталып, 25 жылга абакка отургузулган түркмөнстандык Батыр Бердиев, Өзбекстандын оппозициячыл "Эрк" партиясынын мүчөсү, саясий айып тагылып 15 жылга кесилген Мухамед Салих, Казакстандан 7 жылга эркинен ажыратылган Галимжан Жакиянов жана Кыргызстандан Феликс Кулов. Булардан тышкары, Сахаров сыйлыгына Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан жана БУУнун Багдаддагы штабынын быйылкы жардыруудан каза болгон кызматкерлери көрсөтүлгөн. Андрей Сахаров атындагы эл аралык сыйлыктын өлчөмү - 50 миң еврону түзгөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан