
V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Равшан Жээнбеков Талас облусунун Манас районундагы Арал айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1992-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юриспруденция факультетин, 1996-жылы дипломатиялык академияны (Москва шаары) бүтүргөн. 2008-жылы Массачусет технологиялык институтунда (АКШ) Слоун Башкаруу мектебинде МБА даражасына ээ болгон.
Эмгек жолун Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде атташе кызматында иштөө менен баштаган.
1996-1997-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратында консультант, андан кийин бөлүм башчы болуп эмгектенген.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жардамчысы болуп иштеген.
1998-1999-жылдары чет өлкөлүк инвестициялар боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, 1999-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы болгон. 2000-2001-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп эмгектенген.
2001-2005-жылдары - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы,
2006-2007-жылдары - Малайзияда Кыргыз Республикасынын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси,
2008-2010-жылдары - Түндүк Америкадагы (АКШ) Евразия университетинин департаментинин директору болгон.
2010-жылы октябрда “Ата Мекен” социалисттик партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү.