Бул күнү саат 19:00дө Ош шаарында, күбөлөрдүн айтуусунда, кара машинадан үч адам чыгып Алишер Саиповго ок чыгарышкан да, көз ачып-жумганча жок болуп кетишкен. Өлөрүнө эки күн калганда Алишер досторуна: ”Менин артымдан атайын кызматтын (спецслужба) адамдары ээрчип жүрүшөт. Ал тургай менин башым үчүн 10 миң доллар сайылганын телефон аркылуу айтышты. Бирок мен үчүн Кыргызстандан артык коопсуз жер жок”,- деп айткан.