22- Сентябрь 1947 -жылы Кыргыз балеринасы Айсулуу Токомбаева туулган
Кыргыз балеринасы, СССРдин Эл артисти Айсулуу Токомбаева Бишкек шаарында туулган. Ленинграддагы А.Я.Ваганова атындагы мамлекеттик академиялык хореографиялык окуу жайын бүтүргөн. 1966-1995-жылдары А.Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында балет бийчиси болуп иштеген. Анын репертуарында дүйнөлүк классикалык жана кыргыз балеттеринен башкы партиялары бар. П.И.Чайковскийдин "Ак куу көлү", "Уйкудагы сулуу", А.Адандын "Жизель", Л.Минкустун "Дон-Кихот", М.Раухвергердин "Чолпон", В.Власовдун "Асел", К.Молдобасановдун "Саманчынын жолу", "Манкурттар баяны", У.Мусаевдин "Томирик", К.Молчановдун "Макбет" жана башка балеттерде башкы партияларды жогорку чеберчиликте аткарган.
Айсулуу Токомбаева Кыргызстан жаштар, Эл аралык Ч.Айтматов атындагы, СССР Мамлекеттик сыйлыктардын ээси. Улуу Британияда чыгуучу эл аралык библиографиялык энциклопедиялык сөздүккө ("Кто есть кто?") анын аты-жөнү 1988-жылдан бери аталып, 1995-жылдан тартып Түркия өлкөсүндө, Анкара мамлекеттик консерваторияда хореография боюнча окутуучу болуп иштей баштаган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан