Кыргызстан композиторлор союзу түзүлгөн. Анын алгачкы мүчөлөрү башатында Абдылас Малдыбаев турган, Орусиядан музыкалык маданиятка көмөк көрсөтүү үчүн жиберилген В.Власов жана Фере, П.Шубин менен катар элдик музыканттар М.Күрөңкеев, К.Орозов, А.Огонбаев, Ж.Шералиев, М.Баетов сыяктуу залкарлар киришкен.