
Хирург, медицина илимдеринин доктору, профессор, академик Иса Ахунбаев Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында туулган. Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу жүрөккө операция жасап, көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калган Иса Ахунбаев Ташкенттеги Орто Азия мединститутун бүтүргөн. Ооруканада врач-ординатор, Кыргыз ССР Саламаттыкты сактоо эл комиссарынын орун басары, Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун ассистенти, доценти, кафедра башчысы, ректору, СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалынын Президиумунун төрагасы болуп иштеген. 300дөн ашык илимий эмгектери (анын ичинде 8 монографиясы, 3 сөздүгү) жарыяланган. Анын жетекчилиги менен 6 докторлук, 35 кандидаттык диссертациялар жакталган.
Республикага эмгек сиңирген врач, Кыргыз ССРинин илимине эмгек сиңирген ишмер, Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын ээси. 3 Ардак белгиси, Эмгек Кызыл Туу, Ленин, Октябрь революциясы ордендери, медалдар жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган. Ал бир канча жолу эл аралык илимий жана коомдук форумдарга, хирургиялык конгресстерге катышкан.
1975-жылы 67 жаш курагында бул дүйнөдөн көзү өткөн.
2001-жылы ошол убактагы президент Аскар Акаев тарабынан XX кылымдын көрүнүктүү илимий жетишкендиктери үчүн алтын медаль тапшырылган. Ал эми 2008-жылы мурунку президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына ысымы берилген. Андан сырткары Бишкек шаарынын чоң көчөлөрүнүн бири Иса Ахунбаевдин атын алып жүргөнү белгилүү.