Америкалык актёр, продюсер, композитор, рэп ырчысы Уилл Смит АКШнын Пенсильвания штатындагы Филадельфия шаарында төрөлгөн. Атасы Уиллард Смит I жеке ишкер, апасы Керолайн мектеп мугалими болгон. Уилл Смит мектеп жашынан эле рэп менен алектенип, ыр дүйнөсүнө аздан аралаша баштайт. Балалыгындагы “Ханзаада” кличкасын сахнада чыгармачылык псевдоним катары колдонуп, кийинчерээк жакын досу, белгилүү рэп ырчысы Жефф Таунс менен биргеликте "DJ Жаззи Жефф жана Мыкты Ханзаада” деп аталган топ түзгөн. Кийин топтун алгачкы эки альбомунун бири “Мен рэп ырчысымын” ырлар жыйнагы “Грэмми” сыйлыгына татып, атактуулукка карай кадамдар арбыйт. Андан көп узабай эле аталган топ ырчылардын изденүүсү токтоп калганына байланыштуу тарап кетет.