26- Сентябрь 1875 -жылы
Падышалык Орусиянын аскерлери Сырдарыя аркылуу Наманганга чыгышып, көп узабай Ош шаарын басып алышкан
Кокон хандыгына каршы чыккан кыргыздар менен кыпчактардын 1875-жылкы көтөрүлүшү хандык үчүн эле эмес, мында үстөмдүк орнотуу максатын көздөгөн Орусия империясы үчүн зор коркунуч жараткан. Ошондуктан орус бийлиги Кокон ханы Насреддинге козголоңчуларга каршы биргелешип аракет көрүү сунушу менен кайрылган.
Хандык тарабынан колдоо алынган соң орус аскерлери кыргыздар менен кыпчактарга каршы согуш аракетин көрүп башташкан. Орус аскерлери Сырдарыядан өтүшүп, 1875-жылдын 26-сентябрында Наманганга чыгышып, көп өтпөй Ош шаарын басып алышкан.