Кытай философиясында конфуцийчилик багытына негиз салган байыркы кытай ойчулу Конфуций Кытайдын Цюйфу аттуу жеринде туулган. Аны кытайлык кыргыздар Куңзы деп атап коюшат.
Куңзы тектүү, бирок кедейленип калган үй-бүлөдө туулган. Өмүрүнүн көбүн Лу падышалыганда өткөргөн. Жаш кезинде чиновник болгон, кийин Кытайда биринчи жолу өзүнчө мектеп ачкан. Анда Куңзынын санат сөздөрү, аңгемелери окутулган, жакын шакирттери топтолгон.
Куңзыди ар түрдүү эмгектердин ("Өзгөрүштөрдүн китеби", "Ырлар китеби") автору деп эсептешет, бирок анын көз караштарынын бир кыйла тагыраак булагы - "Аңгемелер жана ой жүгүртүүлөр" деген эмгеги болуп саналат, мында Куңзынын жана анын шакирттеринин санат сөздөрү жазылган.
Куңзыдин айткандарында мамлекеттик бийлик көйгөйү чоң орунду ээлейт. Анын пикири боюнча башкаруучулар элдин ишенемине ээ болууга жана аны өзүлөрүнүн жеке жүрүш-турушу менен тарбиялоого тийиш, анткени мамлекетти башкаруу ишке ашырылып жаткан формалар адамдардын жана жалпы эле коомдун адеп-ахлагына таасир берет.
Куңзыдин саясий программасы коомдун бардык мүчөлөрүнүн тийиштүү милдеттерин аныктоо менен чектелет. Ар бир адам коомдогу өзүнүн ордун билиши керек: "Падыша-падыша, букара-букара, ата-ата, уул-уул болууга тийиш". Куңзы бардык чачыранды аймактарды бирдиктүү бир мамлекетке бириктирүүнү жактаган.
Конфуцийчиликтин идеялары Кытайдын тарыхында андан ары өнүктүрүлүп, кийин ал мамлекеттик дин катарында таанылган.