Казак жазуучусу Мухтар Ауэзов Семей уездиндеги Чынгыз болуштугунда (азыркы Чыгыш-Казакстан облусу, Абай району) туулган. Жаштайынан орус тилинде окуп, кийин Санкт-Петербург университетинин филология факультетин бүтүргөн. Ташкенттеги Орто Азия университетинде аспирантурада окуп жүргөн кезде “Манас” эпосуна кызыгып, иликтей баштаган. Казак адабиятынын классикасына айланган “Абай жолу”, “Көк серек”, “Енлик-Кебек” ж.б. чыгармалардын автору.