Италиялык актриса, модель Моника Белуччи Италиянын Ситта ди Кистельо шаарчасында туулган. Мектепти аяктаган соң ЖОЖдордун бирине юридикалык факультетке тапшырат. Студент кезинде Милан шаарындагы эң престиждүү "Элит" аттуу мода үйүнөн чакыруу алууга да жетишет. Андан кийин, 1987-жылы мода дүйнөсүнүн алптары аталган Дольче менен Габбананын да көзүнө урунуп, алар менен тыгыз иштеше баштайт. Ошондон кийин моделдик карьераны тандап, юрист болуу оюнан кайткан.