Ырчы Айдин Шер Бишкек шаарында төрөлгөн. Кыргыз улуттук университетинин информациялык технологиялар факультетин аяктаган. Борбордогу “Аян-Арт” музыкалык мектебинде бир жарым жыл билим алган. Алгач "Тушалган махабат" аттуу ыры менен элге тааныла баштаган.