2- Октябрь 2008 -жылы Улуттук кардиология борборунун негиздөөчүсү, медицина илимдеринин доктору, академик Мирсаид Миррахимов көз жумган
Улуттук кардиология борборунун негиздөөчүсү, медицина илимдеринин доктору, академик Мирсаид Миррахимов 81 жаш курагында көз жумган. Анын сөөгү 5-октябрь күнү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
Кардиолог жана коомдук ишмер Мирсаид Миррахимов 1927-жылы 27-мартта Фрунзе шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун (КММИ) бүтүргөн. Факультеттик терапия кафедрасында клиника ординатору, пропедтерапия, факультеттик терапия кафедраларынын башчысы, КММИнин илимий иштери боюнча проректору болуп иштеген. 1978-жылдан тартып өлкөбүздөгү Кардиология илим изилдөө институтунун директору болгон. 
700гө жакын илимий эмгектери, анын ичинен 23 монографиясы, 500гө жакын илимий макалалары жарык көргөн жана 19 ойлоп табуунун автору. Негизги илимий эмгектери бийик тоолуу шартта адам организминин физиологиясына жана патологиясына арналган. Бийик тоо гипоксиясына адамдын фазалык түрдө көнүгөрүн аныктаган. Ал бийик тоо кардиологиясына негиз салуучулардын бири. Анын жетекчилиги менен 100гө жакын илимдин докторлору жана кандидаттары диссертацияларын жакташкан. 
Мирсаид Миррахимов - Кыргыз улуттук илимдер, Орусия медициналык илимдер жана Нью-Йорк академияларынын академиги, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген врач, Илим жана техника жаатында эмгек сиңирген ишмер, Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын ээси, СССРдин Саламаттыкты сактоо боюнча отличниги, Кыргыз Республикасынын билим берүүдөгү отличниги жана Социалисттик Эмгектин Баатыры. Анын ысымы Эл аралык ардак китептерине кирген. Мирсаид Миррахимов 2 Ардак белгиси, 2 Ленин, Октябрь революциясы, Элдердин достугу, III даражадагы Манас ордендери жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан