Советтик жана орусиялык чыгыш таануучу, түрколог, тарыхчы, этнолог, географ, публицист, котормочу, тарых илимдеринин доктору, профессор Лев Гумилёв Орусиянын Царское Село кыштагында туулган. Атасы – белгилүү орус акыны Николай Степанович Гумилёв, энеси – тайлары жагынан түпкү теги татар болгон орустун дагы бир чыгаан акыны Анна Андреевна Ахматова (кыз кезиндеги тек аты - Горенко; 1889-1966).