14- Октябрь 1817 -жылы орусиялык аскер башчы Фёдор Ушаков каза болгон
Орусиялык аскер башчы Фёдор Ушаков 72 жашында каза болгон.
Ал 13 (24)-февралда 1745-жылы Бурнаково айылында бай эмес дворяндык үй-бүлөдө төрөлгөн. 1766-жылы Деңиз кадеттик корпусун аяктап, Балтика флотунда кызмат кылган.
1769-1774-жылдары орус-түрк согушуна катышып, 1769-жылдын 30-июнунда лейтенант чинин алган.
1783-жылы Кара деңиз флотунда Херсондогу кеме курулушуна катышкан. Өзүнүн биринчи сыйлыгын IV даражадагы Ыйык Владимир орденин 1785-жылы Херсондогу чума эпидемиясына каршы болгон ийгиликтүү көмөктөшкөнүнө алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан