1931-жылы Флоренцияда жаратылышты коргоого арналган эл аралык конгресс өткөн. Табият жандыктарына кам көрүү күнүн 4-октябрга туштоо идеясы 1226-жылдын 4-октябрында көз жумган Франциск Ассизсктин жаркын элесине багышталган. Франциск Ассизск католиктер арасында айбанаттардын коргоочусу катары баркталган адам болгондуктан, конгресс катышуучулары 4-октябрды анын урматына Айбанаттарды коргоо күнү катары кабыл алышкан.