Бул күн кыргыз өкмөтүнүн 1994-жылдын 3-октябрдагы токтомуна ылайык белгиленип келет. Өкмөттүк токтомдо граждандык авиациянын экономика, маданият жана элдик чарбанын өнүгүшүнө кошкон салымы көрсөтүлүп, анын тармактык өнүгүшү үчүн көрүлүүчү чаралар мерчеми аныкталган.