Сүрөтчү, актёр Сүймөнкул Чокморов 53 жаш курагында 20 жыл бою күрөшүп келген ал кездеги сейрек "Поликистоз" аттуу катуу оорудан кийин көз жумган. Сүймөнкул Чокморов төрөлгөндө эле бир бөйрөгү жок төрөлүп, ал эми экинчи бөйрөгүнүн ордуна майда бир нече бөйрөктөр иштечү.
Сүймөнкул Чокморов 1939-жылдын 9-ноябрында Кыргыз ССРинин Чүй өрөөнүндөгү Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган.
Сүймөнкул Чокморов Кыргыз ССРинин Эл артисти (1975), СССРдин эл артисти (1981), Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү (1990), ВЛКСМ жана Кыргыз ССРинин мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыгынын лауреаты, төрт жолку кинематографист биримдигинин "Эң мыкты эркек ролу үчүн" дипломунун ээси (1969, 1972, 1974, 1978), ошондой эле Кинематографисттер жана сүрөтчүлөр биримдигинин мүчөсү жана эки жолку Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Депутаты болгон.
Сүймөнкул Чокморов 1953-1958-жылдары Фрунзе көркөм окуу жайын аяктаган, 1964-жылы Ленинграддагы И.Е.Репин атындагы сүрөт, скульптура жана архитектура институтунун сүрөт бөлүмүн бүтүргөн.
Сүймөнкулдун чыгармачылык таланты эки багытта өнүгүп келген. Сүрөт тартуу жанрында көп эмгектенүү менен кино жаатында да көптөгөн фильмдерде ийгиликтүү актёрдун жүзүн көрсөткөн. Анын "Караш-караш" кинофильминдеги биринчи чыгышы, ошондой эле андан кийинки ролдору да белгилүүлүктү алып келген.
Сүрөтчү катары Сүймөнкул Чокморов пейзаждарды, натюрмортторду тарткан, бирок портрет искусствосуна өзгөчө кызыгуу менен караган. Анын моделдери негизинен чыгармачыл адамдар болгон. Ал белгилүү Манасчы Саякбай Каралаевдин сүрөтүн эки жолу тартып, динамикалуу, таланттуу акындын образын ийгиликтүү жараткан (С. Каралаев. Портрет - 1971-жыл, экинчиси - 1974-жылы). Ошондой эле актёр Советбек Жумадыловдун (1971-жыл), Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жанкорозованын да сүрөттөрүн жараткан (1973-жыл). Өзгөчө көңүл жана жылуулук менен "Апа" (1967-жыл) жана "Менин балам" (1972-жыл) образдары сүрөтчүнүн колунан жаралган.
Чокморовдун чыгармачылыгындагы эң маанилүүсү, бул чет өлкөлөрдөгү атактуу кино ишмерлери менен кезигүүсү болгон. Япон жергесиндеги кино-искусствонун чеберлери менен болгон кезигүүсүндө, япон кинорежиссёру Акира Куросава жана актёр Тосиро Мифуненин, итальялык актриса Моника Виттинин сүрөттөрүн тарткан.
Сүймөнкул Чокморовдун артында 400дөй живопись эмгектери жана 20 фильмде жараткан эң мыкты образдарды калган. Анын негизги сүрөт чыгармалары Кыргыз Мамлекеттик искусство жана сүрөт музейинде сакталган.
Сүймөнкул Чокморовдун сыйлыктарын атай турган болсок, ал Орто Азиадагы жана Казакстандагы VIII-кинематографисттер кароо-сынагынын "Караш-караш" кинофильминде эң жакшы эркек ролун аткаргандыгы үчүн диплом менен сыйланган (1969-жыл Алма-Ата шаары).
"Актёрдук эмгеги үчүн" бүткүл союздук кинофестивал номинациясынын лауреаты (1972-жыл),
"Биринчи актёрдук эмгеги үчүн" бүткүл союздук кинофестивал номинациясынын лауреаты (1974-жыл),
"Актёрдук эмгек үчүн сыйлыктар" бүткүл союздук кинофестиваль номинациясынын лауреаты (1978-жыл),
Кыргыз ССРинин Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты (1980-жыл, "Улан" фильминде катышкандыгы үчүн) болгон.
Сүймөнкул Чокморовдун ысымы Бишкек шаарынын бир көчөсүнө берилген. 2005-жылы Чокморовго арналган почта маркасы чыгарылып, ошондой эле 2009-жылы 5000 сомдук акча купюрасында С.Чокморовдун элеси түшүрүлгөн.