21- Июнь 1955 -жылы
Композитор Муратбек Бегалиев төрөлгөн
Композитор, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Муратбек Бегалиев Жумгал районунун, Миң-Куш кыштагында туулган. Республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатын бүтүргөн. 1974-1977-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда окуп, өкмөт тарабынан Москвадагы мамлекеттик консерваторияга которулган. Консерваторияны аяктап, ошол эле жерден аспирантураны 1984-жылы бүтүрүп, Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда окутуучу болуп иштеген. 1993-жылдан тартып Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору болуп иштеп келет. Муратбек Бегалиев Кыргызстан Ленин комсомол сыйлыгынын лауреаты, Түгөлбай Ата атындагы Эл аралык коомдук сыйлыгынын лауреаты, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, чыгармачылык Эл аралык байланыш Академиясынын академиги, профессор.