СССРдин Эл сүрөтчүсү Гапар Айтиев Ош облусунун Төлөйкөн кыштагында туулган. Айрым маалыматтар боюнча, сүрөтчүнүн туулган күнү 15-сентябрь деп айтылат. Ал Бишкектеги (мурунку Фрунзе) Агартуу институтунун (кийинки борбордук педагогикалык техникум) тарых-коомчулук бөлүмүн бүтүргөн. Сүрөтчүлүк өнөрү боюнча атайын билимди Москвадагы "1905-жылдын эстелиги" атындагы сүрөт окуу жайында Н.П.Крымов менен П.Петровичевден алган. Г.Айтиев кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү, улуттук профессионал сүрөт өнөрүнүн негиздөөчүсү, СССРдин Эл сүрөтчүсү, СССРдин Көркөм академиясынын мүчө-корреспонденти. Ал адегенде портрет жанрында иштеген. Бирок кийин пейзаж жанрына өтүп, ушул жагынан өтө бийик чеберчиликке жана ийгиликтерге жетишкен. 1967-жылы республикалык Токтогул атындагы сыйлыкка ээ болгон. Г.Айтиев портрет жанрына кайрылып, жогорку чеберчиликте тартылган кыргыз инсандарынын портреттерин жараткан. Г.Айтиевдин монументтик искусстводо да айтаарлык салымы бар. 1940-1968-жылдары ал Кыргыз өлкөсүнүн сүрөтчүлөр союзуна жетекчилик кылган. Анын чыгармалары республикалык, жалпы союздук, эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүндө коюлуп келген. Анын көп чыгармалары республиканын жана башка өлкөлөрдүн музейлеринин менчигине айланган.