28- Сентябрь 1963 -жылы Орусиялык актёр, телеалпаруучу Владимир Турчинский туулган
Орусиялык актёр, телеалпаруучу Владимир Турчинский Москвада СССРдин КГБсынын чек ара аскерлеринин Башкы башкармалыгынын офицеринин үйүндө туулуп-өскөн. Володя күрөш менен 4-класстан баштап машыга баштаган. Арадан бир жыл өткөн соң жаш балбан Москванын биринчилигинде күмүш медаль тагынган. Күрөштөн тышкары самбо менен да алектенип, 16 жашында спорттун чеберинин нормативин толтурган. Мектепти аяктаган соң программисттик кесипти тандап, МИИГАга (Московский институт инженеров гражданской авиации) тапшырган. Бул арада советтик армиянын катарында аскердик милдетин аткарып, десанттык бөлүктөрдө кызмат өтөгөн.
Андан соң Владимир Турчинский ал түрдүү жылдары басылмада сүрөтчү, спорттук журналист (көбүнчө спорттук макалаларды англис тилинен орус тилине которуп жазчу), Черкизов эт комбинатында кароолчу, жеке фирмаларда коопсуздук кызматкери, орто мектепте башталгыч класстарда мугалим болуп иштеген. Кийин ал орусиялык ырчы Дмитрий Маликовдун жеке жан сакчысы болгон.
Спорт жагынан алып карасак, дзюдо боюнча спорт чебери, күрөштүн 2 түрү боюнча (эркин жана классикалык) да спорттун чеберине талапкер болгон. Ал гана эмес америкалык футбол боюнча “Москва аюулары” командасынын курамында СССРдин чемпиону да болууга жетишкен.
Ошентип, күчүн ар тармакта сынап көргөн Владимир сыналгыдан биринчи жолу 1990-жылдардын башында “Гладиаторлордун мушташы” телеберүүсүндө чыккан. Мындан кийин орусиялык белгилүү телеканалдардан алпаруучулук боюнча сунуштар түшө баштаган. Спортчунун өзү эми шоуменге да айланган.
Андан сырткары Владимир Турчинский актёр катары да өзүн сынап, "Кобра. Антитеррор" (2001, полковник Кошкиндин образын жараткан), "Орусча спецназ" (2002, майор Озолин), "Мекен күтүүдө" (2003, Иван Ковчугин), "Грозовые ворота" (2006, атайын агент), "Аял эмнени каалайт?" (2006, боксчу күйөө), "Эң мыкты тасма" (2008, курал сатуучу), "Аскерлер. Жаңы чакыруу" (2008, прапорщик Боровой), "Атасынын кыздары" (2009, бодибилдер Федя) тасмаларында роль жараткан.
Расмий түрдө Турчинскийдин дүйнөдөн өткөндүгү тууралуу суук кабарды түз эфирден алпаруучу Владимир Соловьев угузган. Ал атактуу Динамиттин Москва облусунун Пашуково айылындагы үйүндө 2009-жылы 15инен 16-декабрга караган түнү күтүүсүздөн курч кармаган жүрөк оорусунан каза болгондугун айткан. Мындан көп өтпөй Орусиянын прокуратурасынын иликтөө комитети Турчинсикийдин өлүмүн изилдеп, орусиялык спортчу, актёр жана шоумендин мезгилсиз өлүмүнө инфарк себеп болгондугун билдирген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан