3- Октябрь 1931 -жылы Англиялык ишкер Томас Липтон кайтыш болгон
Англиялык ишкер Томас Липтон 83 жашында каза болгон.
Томас Липтон 1848-жылы 10-майда Шотландиянын Глазго шаарында төрөлгөн. Беш жашынан баштап атасына азык-түлүк дүкөнүндө жардам берген. Эжеси жана байкеси кайтыш болгондо ал мектепти таштоого аргасыз болгон. Он беш жашында АКШга кетип, ар кандай жумуштарды аткарып, Нью-Йорктогу универмагда азык-түлүк бөлүмдө сатуучу болуп орношуп, универмагдагы жумушту "ичинен" билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Мекенине 1871-жылы билими жана 100 фунт стерлинг менен кайткан. Глазгодо ал өзүнүн дүкөнүн ачып, өзү сатуучу жана башкаруучу болгон. Кардарларды арзан баа жана кооздолгон витриналар менен тарта алган.
Липтон ар кандай идеяларга бай болгон. 1880-жылы Шотландия боюнча ал 11 дүкөнгө ээ болгон. Ал эми 1890-жылы Липтон чай бизнесин баштаган. Цейлондо 5 чай плантацияласын сатып алып, өзунө арзан баадагы сапаттуу чай чыгаруу максатын койгон.
Томас Липтон каза болгондон кийин мураскери жок болгондуктан, анын дүнүйөсү кайрымдуулукка жумшалган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан