15- Сентябрь 2011 -жылы Коомдук ишмер, журналист Мелис Эшимканов каза болгон
Көрүнүктүү коомдук ишмер, атактуу журналист, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Кыргыз Республикасынын Коомдук Телерадиоберүү корпорациясынын экс-башчысы Мелис Эшимканов Бишкектеги жеке менчик "Камэк" ооруканасында саат 15.00дө 48 жашында жүрөгү токтоп каза болгон.
Мелис Эшимканов 1962-жылы 9-декабрда Кыргызстандын Жалал-Абат облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында туулган. 1985-жылы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
Журналисттик эмгек жолун Кыргызстандын теле жана радио боюнча Мамлекеттик комитетинин жаштар редакциясынан баштаган. Кийинчерээк жаштардын "Ленинчил жаш" гезитинде кабарчы, "Комсомолец Киргизии" гезитинде жооптуу катчы болгон.
1990–1991-жылдары Кыргызстан Комсомолунун Борбордук Комитетинин идеологиялык бөлүмүнүн инструктору кызматында иштеген.
1991-жылы "Жаштык жарчысы" гезитинин (мурдагы “Ленинчил жаш” гезитинин) редактору болуп дайындалган. Бул гезитти менчиктештирип, анын аталышын “Асаба” деп өзгөртүп, бул эркин гезитти 1992-жылдан 2001-жылдардын башына чейин кожоюун жана баш редактор катары жетектеген. Андан соң 2001-жылы “Агым” деп аталган жаңы эркин гезитти ачып, 2001-2005-жылдары "Агым" гезитине башкы редакторлук кылган.
Мелис Эшимканов 2000-жылы президенттик шайлоодо президенттикке талапкер болгон.
Ал эми 2005-жылы апрелде Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
2007-жылдын ноябрынан 2009-жылдын ноябрынын башына чейин УТРКнын (азыркы Коомдук сыналгы жана үналгы корпорациясынын – КТРКнын) башкы директири болуп иштеген.
Андан соң, 2009-жылдын 6-ноябрында, Мелис Эшимканов Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттикке караштуу Кыргызстандын Өнүгүү корунун Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп дайындалып, экинчи элдик ыңкылапка чейин ушул кызматта иштеп турган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан