Советтик рок-музыкант, ырлардын автору жана сүрөтчү, легендарлуу “Кино” рок-тобунун түзүүчүсү жана жетекчиси Виктор Цой Ленинград шаарында туулган.
Сүрөт тартуу жагынан таланттуу бала 8-классты аяктагандан кийин өз каалоосу менен көркөм сүрөт орто окуу жайына тапшырган. Бирок бир жылдан кийин окуудагы жетишпегендиктери үчүн айдалып кеткен. Виктор Цой Максим Пашков менен биргеликте “Палата №6” тобун түзгөн. 1979-жылы №61 кесиптик техникалык орто окуу жайынын токой кесүүчүлүк тармагына тапшырган. Бул кесиби боюнча 1982-жылы ишке орношуп, бирок ошол учурда эле ырчылык талантын такшалтып, “Гарин Гиперболоиды”, “Кино” аттуу музыкалык топторун түзүүгө жетишкен. Ырчынын алгачкы “Кино” аттуу альбому, андан соң “Начальник Камчатки” альбому да жарык көргөн.
Кыска өмүрүндө атактуулуктун бардык тармактарынан өзүн сындап көрүүгө жетишкен рок ырчысы Виктор сүрөт тартып, чыгарма жаратып, ырдагандан тышкары киного тартылууга да үлгүргөн. Ал тартылган “Конец каникула”, “Асса”, “Игла”, “Последний герой” аттуу фильмдер совет доорунда КМШ өлкөлөрүнө кеңири тараган. Айта кетчү нерсе, актёр катары эмес, жөн гана ырчы катары тартылууну каалаган Виктор Цой бардык кинолордо өзүнүн гана образын жараткан. “Игла” кинотасмасы Алматы шаарында тартылып, ырчыга өз мекенинин абасы менен дем алып, туугандары менен таанышууга чоң шарт түзүп берген.
Цойдун эң популярдуу “Ночь”, “Это не любовь”, “Звезда по имени солнце”, “Группа крови” альбомдору эң популярдуу болгон.
Виктор Цой 28 жаш курагында 1990-жылы 15-августта эртең мененки саат алтыларда автокырсыктан каза тапкан. Күнүгө таң заардан балык уулоону адатка айландырган ырчы бул жолу да ошол тарапка кетип бара жаткан. “Москвич-2141” маркасындагы машинасын саатына 130 чакырым ылдамдык менен айдап бара жаткан жеринен “Икарус” автобусу менен кагышкан жана ошол жерден эле каза тапкан.