3- Октябрь 1803 -жылы
Америкалык дарыгер Жон Горри туулган
Америкалык дарыгер Жон Горри туулган. Ал АКШнын Флорида штатындагы Апалачикола шаарында ооруканада иштеп, тропикалык ооруларды изилдеген. Флоридада аба ырайы ысык болгондуктан, оорулардын түрлөрү көп болгон. Ошондон улам Жон Горри абаны муздата турган агрегат ойлоп табууга белсенген. 1851-жылы муз жасай турган машина ойлоп таап, ага патент алган. Мына ошол машинанын негизинде кадимки муздаткыч пайда болгон.