3- Октябрь 1999 -жылы Япониялык инноватор, жеке ишкер Акио Морита көз жумган
“Sony” компаниясынын негиздөөчүсү, теги япон Акио Морита 78 жашында көз жумган.
Япониялык инноватор, жеке ишкер Акио Морита 1921-жылы 26-январда Япониянын Ногайо шаарында саке (япондордун улуттук ичимдиги) чыгарып сатуу менен алектенген үй-бүлөдө туулган. Мектептен соң Осакадагы Императордук колледжге өтүп, 1945-жылы физик болуп чыккан. Колуна диплом алгандан кийин мугалим болуп иштейт. Бош убагында электроника тармагында өз фирмасын ачууну каалаган Икубо деген адам менен иштешет. Убакыт жетип, экөө биргелешип Токиодо телекоммуникация жаатындагы техникалык компанияны негиздешкен. Компания 1958-жылдан баштап “Sony” деген атка көчкөн.
Морита музыкага жакын болгондуктан, компаниянын атын “Sony” деп атоону чечкен. “Sony” – латын сөзү, бизче “үн” дегенди билдирет. Моританын аракетчилдигинин жана өжөрлүгүнүн натыйжасында компаниянын продукциялары АКШда кеңири тарайт. Ал гана эмес, АКШдагы тиричилик техникасын чыгарган “Техас Инструмент”, “Женерал Электрик” жана “Уэстингхаус” сыяктуу эң алдыңкы компанияларды басып өтөт. “Sony” компаниясы радио, видеомагнитофон, телевизор, фотоаппарат жана башка техникаларды чыгарып, бүгүнкү күнгө чейин бул тармакта алдыңкы орунду ээлеп келет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан