17- Ноябрь 1966 -жылы
Француз актрисасы Софи Марсо төрөлгөн
Француз актрисасы Софи Марсо 1966-жылы 17-ноябрда Париж шаарында төрөлгөн. Актрисанын чыгармачылык карьерасы 14 жашында башталып, 1980-жылы "Бум" тасмасында башкы каармандын ролун жараткан. Андан соң 1982-жылы "Бум 2" тасмасына тартылып, "Сезар" кино сыйлыгына ээ болгон. Ал эми 16 жашында Жерар Депардье, Катрин Денев сыяктуу белгилүү кино адамдары менен бирге бир катар тасмаларда роль жараткан. Софи Марсо "Полиция", "Акылдан азган сүйүү" ("Шальная любовь"), "Менин түндөрүм силердин күндөрүңөргө караганда мыкты" ("Мои ночи прекрасней ваших дней"), "Көгүлтүр нота" ("Голубая нота"), "Сүйүү ароматы" ("Аромат любви"), "Фанфан", "Д’Артаньяндын кызы" ("Дочь д’Артаньяна"), "Тайманбас жүрөк" ("Храброе сердце"), "Анна Каренина", "Маркиза" сыяктуу белгилүү тасмаларда роль аткарган.