6- Июнь 1928 -жылы
Кыргыз улуттук агартуу комитетине караштуу Академиялык борбор кыргызча-орусча сөздүктү түзүү туурасында тапшырма берген
Кыргыз улуттук агартуу комитетине караштуу Академиялык борбор Ленинград чыгыш таануу институтунун кызматчысы Константин Юдахин менен ошол эле институттун студенти Кусеин Карасаевге кыргызча-орусча сөздүктү түзүү туурасында тапшырма берген. Башында аларга сөздүктү түзүү үчүн бир жыл мөөнөт берилген. Бирок жаш изилдөөчүлөрдүн изденүүсү он жылдарга уланып, акыры алардын эмгек үзүрүнүн акыбети фундаменталдык эмгек менен жыйынтыкталган.