18- Ноябрь 1918 -жылы
Латвия көз карандысыздыгын жарыялаган
1917-жылы Латвиянын көз карандысыздыгы үчүн эки саясий партия чыккан: Латыш убактылуу улуттук кеңеши жана Демократиялык блок. 1918-жылы 17-ноябрда социал-демократтар тарабынан колдоо көрсөтүлүп, уюмдар Элдик Кеңеш түзүшкөн. Элдик Кеңеш 1918-жылы 18-ноябрда Латвиянын көз карандысыздыгын жарыялаган. Бул майрам Ригада Латвиянын президентинин, өлкө кызматкерлеринин жүрүшү жана "Эркиндик" эстелигине гүл коюу менен башталат.