21- Июнь 1970 -жылы Индонезиянын туңгуч президенти Ахмед Сукарно көз жумган
Индонезиянын туңгуч президенти Ахмед Сукарно 69 жаш курагында каза болгон.
Ахмед Сукарно 1901-жылы 6-июнда Индонезиянын Сурабая шаарында туулган. 
Тарыхый себептерден улам индонезиялык улуттук-боштондук күрөштөгү жетекчилик ролду улуттук буржуазия жана радикалдык улуттук интеллигенция ойногон. 1927-жылы майда буржуазиялык интеллигенциянын өкүлдөрү Сукарно жана башкалар Индонезиянын Улуттук партиясын түзүшкөн. Ал улутчулдук жана мархаэнизм - жөнөкөй элдин таламдарын коргоо (индонезиялыктарча "мархаэн" - жөнөкөй адам, эмгекчи) идеологиясын жүргүзгөн. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин өлкөнүн маданияты, жалпы улуттук аң-сезим тездик менен өнүгө баштаган. 1928-жылы индонезиялык жаштардын конгрессинин жыйынтыктоочу документинде: "Бир Ата Мекен, бир эл, бир тил!" - деген биримдик урааны көтөрүлүп чыккан.
Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Индонезияны япондор басып алган. Голланддардын дээрлик 350 жылга созулган үстөмдүгүнөн кийин япондук оккупациянын (1942-1945-жылдары) кайгылуу жылдары келген. Бул үч жыл жүз миңдеген индонезиялыктардын өмүрү менен бааланган. Бирок бул жылдар улуттук-боштондук үчүн күрөштүн каардуу мектеби болгон. Япондук баскынчыларга каршы күрөш күч алган. Япония согушта жеңилип калгандан кийин дароо эле 1945-жылы 17-августта Индонезиянын көз карандысыздыгы жарыяланган. Эгемендүү эркин өлкөнүн туңгуч президенти болуп Сукарно шайланган. Саясий чыңалуудан улам өлкө башынан кечирип жаткан кыйынчылыктарга карабастан, 1950-жылы Индонезиянын Жаңы Гвинеянын батыш бөлүгүнөн башка бардык аймагы бириктирилген. 1963-жылы республиканын курамына Батыш Ириан (азыркы — Ириан-Жая, же Улуу Ириан) кошулган. 1950-1960-жылдары Индонезияда "багыттоочу демократия" тартиби орнотулган. Ал президенттик бийликтин күч алышын билдирет. Президент Сукарно өзүнүн кеңири ыйгарым укуктарын демократиялык кайра курууларды жүргүзүүгө пайдаланат деп ишенген солчул күчтөр бул саясий өзгөрүүлөрдү колдошкон.
Бирок "багыттоочу демократиянын" үзүрүн демократиялык иш-чараларды жүзөгө ашырууну каалабаган жарандык жана аскердик бюрократия гана көргөн. Өлкө ашкере кеңейтилген аскердик машинаны жана бюрократиялык аппаратты кармап турууга кеткен эбегейсиз зор чыгымдардын натыйжасында оор экономикалык кризиске кабылган. Курч экономикалык жана
саясий карама-каршылыктар 1965-жылы 30-сентябрындагы кайгылуу окуяларга алып келген. Айрым солчул уюмдардын лидерлери колдоо көрсөткөн жана пекиндик жетекчилерге жетеленме солчул маанайдагы офицерлердин тобу мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылышкан. Ал эми оңчул күчтөр үчүн бул окуя жумушчу табына, солчул интеллигенцияга, дыйкандардын прогрессивдүү уюмдарына, эң башкысы өнүгүп келе жаткан өлкө ичиндеги эң ири коммунисттик партияга каршы
ырайымсыз репрессияны жүргүзүүгө шылтоо болгон. Натыйжада 500 миңден ашуун адам эч кандай тергөөсүз жана сотсуз өлтүрүлгөн. Компартияга жана башка солчул уюмдарга тыюу салынган. Президент Сукарно акырындык менен четтетилип, бийликке аскердик төбөлдөр келген. Ошентип Индонезиянын улуттук партиясын негиздеген Ахмед Сукарно 1945-1967-жылдары өлкөнүн президенти болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан