
Советтик жана орусиялык кинорежиссёр, сценарист, актёр, педагог, жазуучу, акын, драматург жана продюсер Эльдар Рязанов 1927-жылы 18-ноябрда Орусиянын Самара шаарында туулган. Ал бала чагынан китеп окуп, саякат жөнүндө кыялданган. Э.Рязанов кокустан Сергей Герасимов атындагы Бүткүл орусиялык кинематография университетине тапшырып калат. 1950-жылы "Алар Москвада окушат" ("Они учатся в Москве") аттуу дипломдук иши менен университетти аяктап, көптөгөн даректүү тасмаларды жараткан.
1955-жылы "Мосфильм" киностудиясынын режиссёру болуп дайындалып, "Жазгы үндөр" ("Весенние голоса") аттуу ревю-тасмасын койгон. Бир жылдан кийин "Карнавал түнү" ("Карнавальная ночь") кинокомедиясын тартып, бул тасма режиссёрго бир топ ийгилик алып келген.
Э.Рязановдун "Италиялыктардын Орусиядагы укмуштуудай окуялары", ("Невероятные приключения итальянцев в России") "Арыз китебин бергиле" ("Дайте жалобную книгу"), "Унаадан сак бол" ("Берегись автомобиля"), "Тагдырдын тамашасы, же жеңил парың менен!" ("Ирония судьбы, или с лёгким паром"), "Кызматтагы роман" ("Служебный роман"), аттуу белгилүү тасмалары көрүүчүлөрдүн сүйүктүү фильмдерине айланган. Людмила Гурченко, Анатолий Папанов, Юрий Яковлев, Юрий Никулин, Андрей Миронов жана Лариса Голубкина аттуу атактуу актёр-актрисалар режиссёрдун тасмалары аркылуу калың элге таанылган. Ошондой эле Э.Рязанов өзү да айрым тасмаларындагы эпизоддорго тартылган.
1979-жылдан тарта "Кинопанорама" деген телекөрсөтүүнү алпарган. Мындан тышкары Э.Рязанов 200дөн ашуун телевизиондук программалардын автору. 2002-жылы режиссёр "НИКА" орусиялык кинематографиялык искусство академиясынын президенти болуп дайындалып, 2005-жылы "Атамекендик комедия борбору" деген киноклуб ачкан. Э.Рязанов жазуучу, драматург катары да таанымал. Ал 2015-жылы 30-ноябрда Орусиянын Москва шаарында жүрөк оорудан улам каза болгон.