Орусиялык ырчы, "Иванушки International" тобунун мурунку мүчөсү Олег Яковлев Монголиянын Улан-Батор шаарында төрөлгөн. 1-классты аяктаган соң үй-бүлөсү Орусияга кайтып, музыкалык мектепте фортепиано классында окуган. Иркутск шаарынын театралдык окуу жайын артыкчылык диплом менен бүтүргөн.