18- Ноябрь 1996 -жылы
советтик, орусиялык актёр Зиновий Гердт каза болгон
Советтик-орусиялык актёр Зиновий Гердт Москвада каза болгон.
Зиновий Гердт 1916-жылы 21-сентябрда Орусиянын Псков облусунда төрөлгөн. Мектепти бүткөн соң Москвага көчүп, Куйбышев атындагы Москва электр заводуна окууга тапшырган. 1934-жылы окуусун аяктап Метростройдо электр куроочу болуп иштеген. Гердт Жаш жумушчулар театрында 1932-жылы ойной баштаган. 1936-1937-жылдары Куурчак театрында иштейт. Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда өз ыктыяры менен фронтко кеткен. 1943-жылы жарадар болуп, актёр өмүр бою аксап басып калган.
Гердт Борбордук куурчактар театрында иштеп, "Чай-клуб" автордук программасын алып барган.