5- Октябрь 1952 -жылы
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон төрөлгөн
Тажик президенти Эмомали Рахмон Тажикстандагы Дангара кыштагында төрөлгөн. Орто мектепти аяктаган соң, Коргонтөбөдөгү май куйуучу заводдо электрик болуп иштеген. Кесиби боюнча экономист. 1990-жылы Тажикстан ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты, ал эми 1994-жылы Тажикстандын президенти болуп шайланган. 2006-жылы болгон шайлоодо калктын 73 пайыз добушуна ээ болуп, төртүнчү жолу президенттик орунду ээлеген. Эмомали Рахмон 2007-жылы тажик элин фамилиядан “ов” уңгусун алып таштоого чакырган жана өзү биринчилерден болуп бул кадамга барган. Президенттик кызматка келгенде “Тажикстанда дин саясаттын тышында болот” деп билдирген.