Өкмөт башчылык кызматка чейин жеткен индиялык саясатчы айым Индира Ганди туулган. Индира Ганди Индиянын биринчи премьер-министри Жавахарлал Нерунун жалгыз кызы болгон. Алардын үй-бүлөсү Индиядагы жогорку каста болгон брахмандарга кирчү. Атасы Индия элинин эркиндиги үчүн күрөшүп, элинин арасында Махатма Гандинин ишин улантуучу катары таанылган.