20- Ноябрь 1925 -жылы Советтик, орусиялык балерина Майя Плисецкая төрөлгөн
Советтер союзунун жана Орусиянын белгилүү балеринасы, балетмейстер, хореограф, педагог, жазуучу жана актриса Майя Плисецкая төрөлгөн.
Майя Плисецкая 1943-жылы Москова хореографилык окуу жайын аяктап, Чоң театрдын группасына кабыл алынган. Бир аздан кийин жеке партияларга өтүп, прима-балерина статусуна ээ болгон.
Баарынан белгилүү партиялары: "Лебединое озеро" - Одетта-Одиллия, "Спящая красавица" - Аврора, "Каменный цветок" - жез тоонун Кожоюну, "Легенде о любви" - Мехмэнэ-Бану, "Кармен-сюита" - Кармен.
Балетмейстер болуп, "Анна Каренина", "Чайка", "Дама с собачкой" балеттерин койгон. 1983-1984-жылдары Рим опера жана балет театрынын көркөм жетекчиси болуп иштеген. 1988-1990-жылдары Мадридде Испан улуттук балетинин көркөм жетекчиси болгон. 65 жашында сахнадан кетип, 1994-жылдан баштап эл аралык жылда өткөрүлүүчү анын атындагы "Майя" балеттик сынагынын төрайымы болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан