6- Октябрь 2011 -жылы  Бүткүл дүйнөлүк жылмаюунун күнү
Бул күн америкалык сүрөтчү Харви Бэллдин чыгармачылыгына байланыштуу. Харви Бэлл чыгармачылыгы менен башка сүрөтчүлөрдөн айрыкча айырмаланбаган, XX кылымдын ортосунда жашаган адам болгон. Ал деле башкалардай сүрөтүн тартып, сын көзгө да кабылбай, чыгармалары да ашыкча шыктанууну деле жараткан эмес. Күндөрдүн бир күнү "State Mutual Life Assurance Company of America" камсыздоо компаниясы ага ишкананын визиттик карточкасын даярдап берүүнү өтүнүп кайрылган. Сүрөтчү көпкө ойлонбостон, азыркы интернет колдонуучулары "смайлик" деп атап алган өңүнө күлкү толгон сары жүздү сунуш кылган. Сүрөт компаниянын купулуна толуп, 1963-жылы ал чыгармасы үчүн маяна алып, "смайлик" дүйнөгө жайылып кеткен. Күлкүнүн күнү 1999-жылы белгиленип, ал коомчулуктун колдоосуна алынган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан