6- Октябрь 1913 -жылы
тилчи-түрколог, коомдук ишмер Болот Юнусалиев туулган
Тилчи-түрколог, коомдук ишмер, “Манас” эпосун изилдөөчү, академик Болот Юнусалиев Кеминдеги Үч-Урук айылында устанын үй-бүлөсүндө туулган. Ал 1926-жылы Бишкек интернатында, 1930-1931-жылдары Ташкенттеги Политехникалык техникумда окуп, 1933-жылы Москва шаарындагы пединститутту аяктаган. 1930-1940-жылдары Москвада агартуу жаатында жооптуу кызматтарда иштеп, кийин 4 жыл согушка катышкан. Согуштан кийин кесибин улантып, Кыргыз ССРинин Эл агартуу министри (1945-1951-ж.ж.) болуп эмгектенген. 1954-1960-жылдары бир эле кезде Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, кыргыз тили кафедрасынын башчысы болуп иштеген. 1965-1970-жылдар аралыгында Кыргыз ИАнын “Манас” секторунда улук илимий кызматкерлик милдетти аткарган. Өмүрүнүн аягына чейин кыргыз элинин улуу эпосу “Манасты” изилдөөнү токтоткон эмес. Ал – кыргыз мектептерине арналган алиппе китебинин жана 100дөн ашык илимий эмгектердин автору. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишмери Болот Юнусалиев Кызыл Жылдыз, Ардак белгиси ордендери менен да сыйланган. 1970-жылы дүйнөдөн кайткан.