Согуш СССРге Германиянын кол салуусу менен башталган. 1941-жылы 22-июнда түнкү саат 3төн 10 мүнөт өткөндө Львов облусунун коопсуздук кызматы УССР КГБ кызматына шашылыш коңгуроо чалып Сокаль шаарынын аймагындагы чек арадан өткөн вермахт ефрейтору Альфред Лисков кармалганын, 22-июнь таң эрте менен Германия аскерлери согуштук чабуулга өтөрүн айтканын билдирет. Бирок, немецтер таң атуусун күтпөй, түнкү саат 3:30 да чабуулга өтүшкөн. Ошентип экинчи дүйнөлүк согуш башталган.