Чеченстан, Ингушетия жана Дагестандагы согуштарда жүрүп кабарчылык кызматты аркалаган орусиялык журналист Анна Политковская Москвадагы үйүнүн алдында буйрутма өлтүрүүнүн негизинде октон көз жумган. "Журналист орус өкмөтүнүн саясатын сындагандыгы үчүн өлтүрүлдү" деген пикирлер айтылган. Орусиянын медиасы "Политковская Кремлдин Чеченстандагы саясатын сындагандыгы үчүн өлтүрүлдү" деп ырастап келген. Анна Политковская орусиялык аскерлердин кишилерди барымтага алып, кыйноого катышкандыгын ырастаган далилдерди топтоо менен алектенген, ага катышы бар айрымдарынын аттарын ачык жарыялаган.