8- Октябрь 1985 -жылы
"Заманыбыздын супер телеалпаруучусу" Эрмек Нурбаев туулган
"Тамашоу" долбоорунун түптөөчүсү, "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "Жылдын супер телеалпаруучусу" наамынын 3 жолку ээси, "Заманыбыздын супер телеалпаруучусу" Эрмек Нурбаев Кара-Балта шаарында туулуп-өскөн. Мектепти артыкчылык аттестаты менен бүтүп, Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетине тапшырып, 2008-жылы ийгиликтүү аяктаган. Алгач КВНдерге катышып, эл алдына чыгып жүрүп, телеге 2005-жылы "Браво" долбоору аркылуу келген.