Айтылуу “Кавказ туткуну же Шуриктин жаңы окуялары” тасмасында мыкты роль жараткан советтик актриса Наталья Варлей Румыниянын Констанца шаарында төрөлгөн. Анын балалыгынын алгачкы жылдары Мурманск шаарында өткөн. Жаштайынан таланттуу, музыкага жакын өскөн Наташа үй-бүлөсү менен 3 жашында Москва шаарына көчүп келишкен. 1965-жылы Наталья Варлей Цирк өнөрү жана эстрадалык маданият орто окуу жайын бүтүрүп, Москвалык цирктин труппасына кошулуп, эквилибристка болуп иштеген.