9- Октябрь 1967 -жылы
латын-америкалык төңкөрүшчү Че Гевара көз жумган
Че Гевара мамлекеттик кызматтан кеткенден 1 жарым жылдан кийин Боливиядагы көтөрүлүшчүлөр менен бирге экендиги маалым болгон. Тилекке каршы, ал жетектеген кичинекей отряддын максаты ишке ашпай, аны талкалоо үчүн АКШнын президенти "Синтия" аттуу атайын операцияга кол койгон. Атайын даярдалган ал операцияда Че жарадар болуп, колго түшкөн. Аны ошол жердеги мектепке камашып, 1967-жылдын 9-октябрында атып өлтүрүшкөн. Ал эми анын сөөгүн элдин кароосуна таштап коюшкан. Көп жылдар бою анын көмүлгөн жери жашыруун болуп, арадан 30 жыл өткөндөн кийин гана Ченин сөөгү кайсы жерге көмүлгөнү билинген. 1995-жылы боливиялык армиянын генералы Че Гевара аба майданынын учактар уча турган тилкесине катарлаш жерге, өлтүрүлгөн эле жерге коюлганын билдирген. Эки жылдан кийин анын дүйнөдөн кайтканынын 30 жылдыгына карата сөөгү эксгумацияланып, мекени Кубага жиберилген.
Азыр анын сөөгү Че Геварынын күмбөзүндө, бирок айрымдар 1997-жылы команданттын өзүнүн сөөгү коюлганына ишенбей да келишет.