21- Ноябрь 1877 -жылы Америкалык окумуштуу Томас Эдисон фонографты ойлоп тапкан
Белгилүү америкалык окумуштуу Томас Эдисон фонографты ойлоп тапкан.
Фонограф - үн жана дабыштарды чыгаруучу жана жазуучу алгачкы прибор. Мындай приборду ойлоп табууга Эдисондун өзүнүн телефондук сүйлөшүүлөрүн жаздырып калуу каалоосу түрткү болгон.
Эдисондун алгачкы фонографы үн чыкканда айланган цилиндрге оролгон фольгага ийне менен түшүрүлгөн. Публикага бул фонографты тартуулаган Эдисон атактуу болуп, айрым адамдар аны сыйкырчы дешкен.
1887-жылы Эмил Берлинер цилиндрди эмес, жалпак дискти колдонуп көрүп "граммофон" деп атаган.
1912-жылы Томас Эдисон дисктерди колдонуп жаңы фонограф тартуулаган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан