21- Ноябрь 1694 -жылы Француз философу Вольтер туулган
Вольтер — франция жазуучусу, философу жана публицисти, француз Агартуусунун эң ири ойчулу Француа Мари Аруэнин каймана аты. Вольтер Парижде, нотариустун үй-бүлөсүндө туулган. Атасынын каршы болгонуна карабастан,адабиятчынын карьерасын тандап алат. Жаш кезинен тартып эле эркин ойчулдукту жана динге тескери мамиле жасоону көрсөткөн. Феодалдык-абсолюттук Францияны шылдыңдаган сатирасы үчүн он бир ай Бастилияда отурган. Франциядан куулуп жиберилгендиктен 1726-1729-жылдарда Англияда жашаган. Англияда жашап, анын турмушу менен таанышканы анын көз карашынын калыптанышына чоң таасир көрсөткөн. 1758-жылы Швейцариянын чегине жакын жайгашкан Ферне деген жайда сатып алган чарбагына көчүп келет да, анда 20 жыл жашайт. Ушул фернейлик мезгилде ал эң олуттуу чыгармаларын жазган. 
Вольтердин негизги адабий мурасы өтө зор. Ал жалпысынан жүздөгөн чыгармаларды жазган, алар көлөмү боюнча бир нече ондогон томдордон турган чыгармалар жыйнагын түзөт. Андан тышкары, ал пьесаларды, повесттерди жана публицистикаларды жазган.
Вольтердин социалдык-саясый көз караштары калыптанып келе жаткан француз буржуазиялык демократиясынын идеологиясын чагылдырып, эскирген феодалдык режимдин бетин ачкан. Вольтер өзүнүн жаңы философиялык идеяларын көтөрүп чыккан философ болгон эмес, бирок коомду философиялык агартуу жаатында көп иштерди иштеген агартуучу болгон. Вольтердин бардык чыгармаларынын негизги багыты — борборунда антиклерикализм турган антифеодалдык багыт. Ал өмүр бою чиркөөгө, башка динге жол бербөөчүлүккө жана фанатизмге каршы күрөшүп келген.
Вольтердин философиялык көз караштары "Философиялык каттарда" (1733), "Метафизика жөнүндө трактатта" (1734), "Ньютондун философиясынын негиздеринде" (1738), "Кандид" философиялык повестинде (1759), "Философиялык сөздүктө" (1764-1769) чагылдырылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан