21- Ноябрь 1844 -жылы
Орус тамсилчиси Иван Крылов көз жумган
Орус тамсилчиси Иван Крылов 75 жашында көз жумган.
Иван Андреевич Крылов - орус жазуучусу, драматург, тамсилчи. Крылов жалпы орус элине, деги эле баарына өзүнүн көрүнүктүү, жеткиликтүү тамсилдери менен белгилүү болгон. Ал орус адабиятынын, анын ичинде сатиранын өсүп-өнүгүшүнө чоң салымын кошкон адам. Анын жалпыга белгилүү тамсилдери: "Эшек менен булбул", "Карга менен бүркүт", "Чегиртке менен кумурска", "Түлкү менен карга" ж.б.